Биринчи май жана Свердлов округдарында канча шайлоочу добуш бере алат

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 16-февралга чейин жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында канча шайлоочу добуш бере аларын маалымдады.
БШК кайра шайлоого катыша турган жарандардын контролдук тизмесин түзүп чыккан.
Ага ылайык, № 27 Биринчи май округу боюнча шайлоочулардын саны 110 888ди түзөт, анын ичинен эркектер — 46 753, аялдар — 64 135. Ал эми № 29 Свердлов округунда 104 711 шайлоочу бар, анын ичинен эркектер — 44 273, аялдар — 60 438.
Шайлоочулардын тизмесин тактоо 16-февралга чейин жүргүзүлөт. Жарандар тизмеде бар-жогун 1255 же 119 номерине телефон чалып, шайлоо участогуна барып же tizme.gov.kg сайты аркылуу биле алат.
Эки округдан депутаттык мандат үчүн 53 талапкер ат салышууда. Добуш берүү күнү 27-февралга белгиленген.
Бишкектин эки шайлоо округунда үгүт иштери башталды