ЖК депутаттары ай сайын Акылбек Жапаров менен жолугуп турмай болду

Иш-чарага фракция лидерлери жана тармактык комитеттердин төрагалары катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолукту

2 / 3

Жолугушууга министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы катышкан

3 / 3

Анын алкагында өлкөнүн социалдык саясатынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу маселелери, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча пикир алмашкан

Жолугушууга министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы катышкан. Анын алкагында өлкөнүн социалдык саясатынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу маселелери, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча пикир алмашкан.
Иш-чаранын катышуучулары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын өз ара иштешүүсүн жакшыртуу максатында мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп турууну макулдашканы белгиленди.
Акылбек Жапаров Чүйдөгү Талды-Булак алтын кенине барды. Сүрөт
Балбак Түлөбаев президентке кайрылып, айрым министрлерди иштен айдоого чакырды