Бишкекте кудуктун ичинен 28 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Куткаруучулар сөөктү алып чыгып тергөө амалдарын жүргүзө турган укук коргоочуларга өткөрүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкекте 28 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Жарандын сөөгү Абай көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанындагы кудуктун ичинен табылган. Ал 1994-жылкы О.Б. экени аныкталды.
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн алып чыгып тергөө амалдарын жүргүзө турган укук коргоочуларга өткөрүп берген.