Ысык-Көлгө жейрендер алып келинди. Сүрөт

Аталган жаныбарлар Кыргызстанда 2000-жылдары жоголуп кеткени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна жейрендер алып келинди. Жаныбарлардын сүрөтүн "Илбирс" фондунун негиздөөчүсү Нурлан Мамыров Facebook баракчасына жүктөдү.
"Узаган жылдын эң маанилүү окуясы — биология илимдеринин кандитаты Аскар Давлетбековдун жетекчилиги астында Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жейрендерди кармоо жана асылдандыруу боюнча питомник ачылды. Бул биргелешкен командалык жумуш. Мындай олуттуу жумушка катышкан жана катышып жаткандардын баарына терең ыраазчылык билдиребиз", — деп жазды Мамыров.
Белгилей кетсек, буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору жейрендин санын көбөйтүү максатында Казакстандан 50 жейрен алып келинерин маалымдаган. Аларды Ысык-Көлдүн күнгөй жагына жана Орто-Токой суу сактагычынын түштүк-батыш тарабына коё берүү пландалган. Аталган жаныбарлар Кыргызстанда 2000-жылдары жоголуп кеткени айтылат.
ХХ кылымдын биринчи жарымында Орто Азия чөлкөмүндөгү жейрендердин саны жүз миңдеп саналып келген. Булар көбүнесе Кыргызстандагы Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабын байырлачу. 1980-1990-жылдары жейрендердин саны кескин кыскарып, бүгүнкү күнү алар Кызыл китепке киргизилген.
Жейренге аңчылык кылгандарга миллион сом көлөмүндө айып каралган.
Радио
Мамыров: Кыргызстанда жейрендер малдын көбөйүшүнөн жок болуп кеткен