Вирусолог пандемия бүткөн соң коронавирустун тагдыры кандай болорун айтты

Кандай болгон күндө дагы, окумуштуунун пикиринде, адам баласы бул вирусту көпкө чейин унутпайт жана изилдөөсүн токтотпойт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Пандемия аяктаган соң коронавирус адам баласынын популяциясына жолобой калышы мүмкүн. Бул тууралуу Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейнге шилтеме берип URA.RU жазды.
"Дүйнөдө көптөгөн кишилер коронавирустан сакайды, иммунитет пайда болду. Андан тышкары, вакцинанын көптөгөн түрлөрү чыкты. Жакын арада пандемия акырындык менен басаңдай баштайт. Мындай шартта вирус жок болуп кетиши дагы ыктымал", — деди дарыгер.
Ошол эле учурда ал окуя башка багытта да өнүгүшү мүмкүн экенин божомолдоду.
"Коронавирус баш-оту менен жок болуп кетпеши дагы ыктымал. Бирок мурдагыдай пандемия абалы болбойт. Чектөөлөр алынып, жай турмуш башталат", — деди Альтштейн.
Кандай болгон күндө дагы, окумуштуунун пикиринде, адам баласы бул вирусту көпкө чейин унутпайт жана изилдөөсүн токтотпойт.
10 күндө 10 жылга карыйсың. COVID-19дун жүрөк үшүн алган кесепети айтылды
Россияда COVID жуктургандар менен байланышкандар обочолонбой турган болду