Шейшембиге карата аба ырайы

8-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Шейшембиде күндүз кээ бир райондордо кар жаап, туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0...+5 градуска чейин жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +3...+8, Ысык-Көл өрөөнүндө күндүн табы -1...+4 градуска чейин көтөрүлөт. Теңир-Тоодо -4...-9 градус суук болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп +2...+4, ал эми Ош шаарында +5...+7 градус жылуу болот.
Кар жаайт! Бир жумага карата аба ырайы