Жанар тоонун атылып жатканын РИА Новости жана бир нече маалымат ресурстары жарыялады.
Анда Курил аймагындагы Парамушир аралында Эбеко жанар тоосу кайрадан от алганы тартылган.
Кадрдан аппак кар баскан айдыңды жана өтө алыс эмес аралыктан асманды көздөй атылып жаткан вулканды көрүүгө болот.
Таңгалып жаткан кыз кадр артында комментарий жасап, ал кайрадан ойгонгондугун, жайында күбө боло албай калгандарды Парамуширге келип, өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырган.
Котенко мындан бир нече жума мурда Эбеконун атылгандан кийин кратерине барып, анын ордун, али табы кете электе барып тарткан видеосун Instagram баракчасына жарыялаган.
Ал видеодон ар кайсы жерден буу дагы деле көтөрүлүп жаткандыгын көрүүгө болот. Комментарийинде эң түп жагын көрө албай койгондугун, колу калчылдап, кырында туруп алып тартып жаткандыгын айтып, "өтө кооптуу" деп кошумчалаган.
Эбеко Курилдеги Парамушир аралындагы активдүү вулкан, 1793-жылдан бери атылып келет. Анын кратерлеринде термалдык булактардан турган ысык көлдөр пайда болгон.