Бишкектин эки шайлоо округунда үгүт иштери башталды

Эки округдан депутаттык мандат үчүн 53 талапкер ат салышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоонун үгүт иштери башталды.
Шайлоо алдындагы кампания 7-февралда башталып, 20 күнгө созулат.
Эки округдан депутаттык мандат үчүн 53 талапкер ат салышууда.
Жалпы жонунан 72 жаран катышуу ниетин билдирген. БШКнын алардын 19у тийиштүү талаптарды аткарбаганы үчүн жарышка катталбай калганын билдирди.
Учурда Биринчи май шайлоо округунан — 28, Свердлов шайлоо округунан 25 адам жарышка чыкты.
Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Свердлов жана Биринчи май шайлоо округдарында "баарына каршы" графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.
Мындан улам 27-февралда бул эки райондо кайра шайлоо белгиленген.
Шаирбек Ташиев бүгүн жыйынга келип, мандатын тапшырбай турганын айтты