Бишкекте жааган карды тазалоо үчүн 32 техника тартылды

Учурда Жол эксплуатациялык кызматынан 40 жумушчу жана 628 көчө шыпыргыч иштөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 32 техникасы тартылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Учурда калаанын 133 көчөсү тазаланып, жолдорго туз себилип жатат. Жалпысынан 26 кар тазалоочу машина, бир кум чачуучу ЗИЛ-130, эки жүктөгүч жана төрт универсалдуу комбинациялык машина тартылган. Аны менен катар эле Жол эксплуатациялык кызматынан 40 жумушчу жана 628 көчө шыпыргыч иштеп жатканы айтылды.
Мэрия тургундар эгер кары күрөлбөй же таштандыдан тазаланбай калган жолдорго күбө болсо күнү-түнү иштөөчү WhatsApp (0554 182 185) мессенжерине жазып же 1840 жана 1850 номери аркылуу байланышууга чакырат.
"Тазалыкка" көчө шыпыргыч үч машина берилди. Сүрөт