Россияда COVID жуктургандар менен байланышкандар обочолонбой турган болду

Бейтаптарды ооруканадан чыгаруу эрежелери дагы өзгөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Россияда бүгүндөн тарта коронавируска кабылгандар менен байланышта болгондорду обочолонтуу эрежеси алып салынды. Бул туурасында мамлекеттик башкы санитарык врач Анна Попова кол койгон токтом күчүнө киргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Попова "омикрон" жуктургандар менен байланышкан адамдарды карантинге алуу негизсиз болуп калганын, себеби ал өтө жугуштуу болгондуктан көбүнчө симптомсуз өтөрүн белгилеген.
Ошону менен бирге 6-февралдан тарта коронавирустан дарыланып жаткандарды ооруканадан чыгаруу боюнча дагы жаңы эреже киргизилет. Эгер дарылоо жети же андан көп күнгө созулса, бейтапты COVID-19га тест тапшыртпай эле үйүнө чыгара берет. Ал эми бир жумадан азыраак дарыланып жакшы болуп калса тесттин терс жыйынтыгын алуу талап кылынат.
COVID жукпагандар. Адис эмне себептен айрым кишилер оорубасын айтты
10 күндө 10 жылга карыйсың. COVID-19дун жүрөк үшүн алган кесепети айтылды