Кыргызстанда 900дөн ашык мугалим жетишсиз. Сандар, аймактар

Өлкөдөгү мектептерде орус, англис тилинен, математика, музыка сабактарынан билим берген агай-эжелер тартыш.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Республика боюнча мектептерде 929 мугалим жетишсиз экенин Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалымат өткөн айга карата алынган.
Кайсы жакта мугалим жетишпейт:
Чүй — 305;
Бишкек — 191;
Баткен — 142;
Ош — 112;
Ысык-Көл — 78;
Жалал-Абад — 60;
Талас — 20;
Нарын — 12;
Ош шаары — 9.
Ошондой эле аймактарда кайсы сабактардан адистер жетишсиз экени аныкталган:
Бишкек — математика боюнча 24 мугалим жетишсиз;
Баткен — музыка боюнча 37 мугалим;
Жалал-Абад — орус тили боюнча 16 мугалим;
Нарын — физика боюнча 6 мугалим;
Ош облусу — музыка боюнча 19 мугалим;
Чүй — орус тили боюнча 42 мугалим;
Ысык-Көл — орус тилинен 14 мугалим.
Жалпысынан республика боюнча орус тилчи 123, математик 99, англис тилчи 94, музыкадан берген 91 мугалим, физиканы окуткан 84 мугалим, дене тарбия боюнча 71, баштапкы класстарды окуткан 62, химияны окуткан 49, информатика боюнча 48, географиядан 39, кол эмгекти үйрөткөн 33, биологиядан 30, тарыхтан 30, кыргыз тили боюнча 23, көркөм өнөр/черчениени окуткан 20, аскерге чейинки даярдыкты үйрөткөн 11 мугалим керек экени айтылды.
Ишке алынчу мугалимдин психикалык абалы текшерилеби? Адистин жообу