БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. COVID-19 адамдын биологиялык курагын аз убакыт ичинде өзгөртүп ийиши мүмкүн. Бул тууралуу Москва мамлекеттик университетинин илимий кызматкери, молекулярдык биолог Максим Скулачевго шилтеме берип Sputnik радиосу билдирди.
Тагыраагы, коронавируска каршы эмделбеген адамдар COVID-19ду жугузуп алса, организми 10 күндүн ичинде 10 жыл убакыт өткөндөгүдөй өзгөрүүгө дуушар болот.
"Мисалы, организмде кийинки он жыл ичинде кандай өзгөрүүлөр болот эле? Албетте убакыт өткөн сайын ал карыйт. Жаңы оорулар пайда болуп, айрымдары өнөкөткө айланат. Кыскасы, организмди жасалма жол менен аз убакыт ичинде карытып койгонго барабар", — деди адис.
Биологдун айтымында, дал ушул себептерден улам коронавирустан улгайган адамдар көп өлүп жатат.
"Коронавирус жаштарга караганда картайып калган адамдардын өмүрүн көп алууда. Себеби мына ушунда, демек, алардын 10 жылга жетпеген өмүрү калган. Ал эми вирус калган бир нече жылдык ресурсту 10 күндүн ичинде жок кылып жиберүүдө", — деди дарыгер.
Андыктан адис коронавируска каршы эмделүүгө, ооруп айыккандарга ден соолугуна өзгөчө кам көрүүгө чакырды.