Радио

Жумаев: Каракол шаарында заманбап спорт комплекси курулат

Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев калаада заманбап талаптарга жооп берген спорт комплекси жок экендигин айтты.
Sputnik
Ири спорттук мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган спорттук комплекстин курулушу ушул жылдын февраль айынын аягында башталат. Бул тууралуу Эрмат Жумаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дени сак жашоо образын түптөө максатында массалык спортко көңүл буруу зарыл.
"Караколдо "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборун куруу демилгеленгенде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталып, ал Чолпон-Ата шаарына салынган. Ага байланыштуу калаада ири спорттук мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган аянтча жок. Бул маселе боюнча эки долбоор даярдап, донорлор менен иш алып барганбыз. Тилекке каршы, көздөгөн объектинин иши баштала элек. Эми пландын негизинде ушул жылдын февраль айынын соңунда спорт комплексинин курулушу башталат", — деди Жумаев.
Ошондой эле мэр Каракол шаарында 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган ири инвестициялык форум өтөрүн кошумчалады.