Эки жашар баланы сабады делген киши камакка алынды

Кылмышка жабыркаган бөбөктүн атасы жалданып иштеген 34 жаштагы С.А. аттуу жаран шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Сокулукта эки жашар баланы сабады деп шектелген киши №1 тергөө абагына камакка алынганын Sputnik агенттигине Чүй облустук милициясы билдирди.
Камакка алуу чечимин Сокулук райондук соту чыгарган.
Окуя тууралуу коомчулукка эки жашар бала түрдүү жаракат алып ооруканага түшкөн соң белгилүү болгон. Кылмышка шектелип жабыркаган бөбөктүн атасы жалданып иштеген 34 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалган болчу. Факт боюнча "Кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Эки жашар бөбөктүн сабалышы: апасы жумуш берген киши менен жашап алган
Ысык-Көл: чатакташып каза тапкан кишини коронавирустан көз жумду деп жерге беришкен