Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

7-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында +1...+6, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +3...+5 жана Ош шаарында +4...+6 градуска жетет.
Кар жаайт! Бир жумага карата аба ырайы