110 киши вирус жугузуп, үч бейтап каза болду. COVID статистикасы

Соңку күндөрү республика боюнча коронавирус жугузгандардын саны азаюуда. Бүгүн вируска кабылгандар Талас менен Нарында катталган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев.— Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 110 кишиден коронавирус табылып, 341 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 56;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 18;
Ош облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу – 6.
Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 199 436га жетип, анын ичинен 190 709 киши дартты жеңген. Азыркы тапта ооруканаларда 855 бейтап дарыланып жатса, 3 429 адам медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда. Стационардагылардын ичинен 337 бейтаптын абалы оор болсо, 61 кишинин абалы өтө оор деп бааланды.
Тилекке каршы, өлкөдө өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери илдет үч кишинин өмүрүн алган. Бардыгы Бишкек шаарынын тургундары болчу.
10 күндө 10 жылга карыйсың. COVID-19дун жүрөк үшүн алган кесепети айтылды