Бишкекте жумушсуз жүргөндөргө акысыз курстар бар. Дареги, номерлери

Курста окуп жатканда стипендия берилет жана бүткөндө сертификат ыйгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Борбор калаада жумушсуз жүргөндөр үчүн кесипке үйрөтүүчү акысыз курстар бар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан кабарлады.
Окутуу 60тан ашык адистик боюнча сунушталат. Анын ичинде бухгалтердик эсеп, чет тили, интерьер дизайны, компьютердик сабаттуулук сыяктуу курстар камтылган. Ошондой эле телефон оңдогонду, ширетүүнү жана башка кесиптерди үйрөнүүгө болот.
Арыз берүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
паспорт;
билими тууралуу документ;
эмгек китепчеси (эгер болсо).
Курста окуп жатканда стипендия берилет жана бүткөндө сертификат ыйгарылат.
Кайда кайрылуу керек (телефон номери жана дареги):
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы: Токтогул көчөсү, 237, (0312) 65-58-68;
Октябрь районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү: Токтогул көчөсү, 43, (0312) 68-02-04;
Ленин районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү: Бөкөнбаев көчөсү, 99, (0312) 30-36-96;
Свердлов районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү: Токтогул көчөсү, 43, (0312) 43-47-49;
Биринчи май районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү: Бөкөнбаев көчөсү, 99, (0312) 30-37-48.
Быйыл 7 эле адам кадрлар резерви аркылуу мамлекеттик кызматка дайындалды