Кар жаайт! Бир жумага карата аба ырайы

Кээ бир жерлерге 3-4 күн катары менен кар жаап, абанын температурасы төмөндөөрү күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан жумада көпчүлүк аймактарда кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Бишкекте дагы келе жаткан жума жаанчыл болору божомолдонду.

Чүй, Талас облустары

6-февралдан тарта Чүй менен Таласта күндүн көзү бузулуп, кар жаашы мүмкүн.
7-8-9-10-февралда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жааса, 7-февралда айрым райондордо кар калың түшүшү ыктымал. 11-12-февралда жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Оштун тоолуу аймактарына кар 6-февралдан тарта жаап баштаары айтылды. 7-8-9-февралда да кар түшүп, абанын температурасы төмөндөшү мүмкүн. 10-февралдан тарта кар токтоп, 11-12-февраль жаан-чачын болбой турганы божомолдонду.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө 6-февралда жаан-чачын болбойт. 7-8-февраль кар жаап, кайра 9-февраль күн ачылары айтылды. 10-11-февралда кар жааса, 12-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
Нарында да 7-февралдан тарта үч күн катары менен кар жаап, абанын температурасы күндүз -5…-7 градуска чейин түшөрү божомолдонду.
Кыргызстандын ашууларында кар көчкү түшөрү күтүлүүдө. Кайсы күндөрү?