Бийлик "Жашыл ипотека" долбоорун ишке киргизүүнү пландоодо. Тартиби

Долбоорду каржылоо үчүн Германиянын KFW банкы 9 миллион евро берери жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь айларында "Жашыл ипотека" долбоорун ишке киргизүүнү пландап жатат.
Мындай демилге Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган.
Долбоорду "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасы аркылуу жүзөгө ашыруу каралууда. Буга Германиянын KFW банкы үчүнчү фазаны ишке ашыруунун алкагында 9 миллион евро берери жазылган.
Бийликтин планында "жашыл ипотекага" аныктама берилген эмес. Бирок эл аралык практикага ылайык, мында электр энергиясын үнөмдөө технологиясы менен курулган үйлөрдү сатып алууга ипотекалык кредит берилет.
Радио
Буга чейин берилген ипотеканын пайызы төмөндөтүлөт. Шарттары