Борбор Азия мамлекеттеринин Пекиндеги бет капчан президенттери. Сүрөт

Иш-чара Пекин шаарындагы Элдик жыйындар үйүндө өткөн. Садыр Жапаров 3-февралда Кытай шаарына иш сапар менен учуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин атынан чет элдик делегация башчыларын кабыл алуу учурундагы президенттердин сүрөтүн жарыялады.
Иш-чара Пекин шаарындагы Элдик жыйындар үйүндө өткөн.
Иш-чара Пекин шаарындагы Элдик жыйындар үйүндө өткөн.
"Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин атынан чет элдик делегация башчыларын кабыл алуу аземинде болду. Мамлекет башчысы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери, ошондой эле Польшанын президенти жана БУУнун Башкы катчысы менен баарлашты", — деп айтылган маалыматта.
Кабыл алуу учурунда бардыгы бет капчан жүрүшкөн.
Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын жетекчилери катарлаша туруп сүрөткө түшкөн. Андан сырткары Жапаровдун кабыл алууга чакырылган башка жетекчилер менен да сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.
Эске салсак, Садыр Жапаров 3-февралда Кытай шаарына иш сапар менен учуп кеткен. Анын Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуусу жана Си Цзиньпин менен жолугуусу пландалган.
Садыр Жапаров Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты. Сүрөт