Ысык-Көл: чатакташып каза тапкан кишини коронавирустан көз жумду деп жерге беришкен

Маркумдун сөөгү кайра казып алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдө чатактан кийин каза тапкан тургунду элге коронавирустан көз жумду деп айтып, жерге беришкен. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ысык-Көл ОИИБ социалдык тармактарда адам өлүмүнө алып келген кылмыштын бетин ачууга милиция чара көрбөй жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, түшүндүрмө берди.
Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргөн. Анда Темировка айылынын 61 жаштагы тургунунун өлүмүнүн чыныгы себеби жашырылып, жерге берилгени айтылды.
Күбө катары суралган Темировка айылынын 51 жаштагы тургунунун айтымында, 21-январга караган түнү анын 30 жаштагы уулу Д.М. менен 61 жаштагы бир тууганы Ж.А.нын ортосунда уруш чыккан. Эртеси агасынын сөөгү алардын үйүндө табылганын билдирген.
"Ошондой эле бул факты боюнча райондун укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарына кабарлабай, элге ал кишини "коронавирустан каза болду" деп жерге беришкенин айткан", — деп жазылган маалыматта.
1-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту ("Ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү") менен иш козголуп, тергөө башталган.
2-февралда эксгумация жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошол эле күнү Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү Д.М. аттуу жаранды Бишкектен кармаган. Учурда ишти Ысык-Көл райондук прокуратурасы тергеп жатканы кабарланды.
Бишкекте подъезддин алдында аялды муунтуп, кол салган шектүү кармалды