БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Акыркы эки жылда Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна 1 миллиард 255 миллион доллар сатканын билдирди.
Улуттук банк баа туруктуулугун колдоого жана камсыздоого багытталган тиешелүү операцияларды жүргүзүп келерин эске салды.
Банктын монетардык саясаты өлкө экономикасынын өзгөчөлүктөрүн, ачык капитал рыногунун шарттарын эске алуу менен чет өлкө валютасын сатып алууда же сатууда тоскоолдуктарды жаратпаган шартта иштелип чыгат жана ишке ашырылат. Акча-кредит саясатынын мындай иш ыргагы жана тартиби 1993-жылы улуттук валюта жүгүртүүгө киргенде тандалып алынган.
Акыркы жылдары Улуттук банктын валюталык интервенцияларынын жалпы көлөмү жогорку деңгээлде ишке ашырылган. 2020-жылы ал 518 миллион долларды, ал эми 2021-жылы 737 миллион долларды түзгөн.
"Бирок бул операциялар COVID-19 пандемиясына байланыштуу кыйын кырдаал шартында жүргүзүлүп турган акча-кредит саясатынын бир бөлүгү болуп саналат. Ал улуттук валютаны жасалма кармоого багытталган эмес", — деп билдирди Улуттук банк.
Интервенциялардын олуттуу өсүшүнө карабастан 2020-жылы алтын валюта резервинин көлөмү 384,0 миллион долларга көбөйгөн. 2021-жылы алтын валюта резервинин өсүшү 170 миллион долларды түзгөн. Натыйжада былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын алтын валюта резервинин көлөмү 3,0 миллиард долларга жакын көрсөткүчкө жеткен.
"Алтын валюта резервинин мындай деңгээли биздин өлкөнүн финансы жана банк системасынын жогорку ишенимдүүлүгүнүн жана туруктуулугунун кепилдиги болуп эсептелет", — деп жазылган билдирүүдө.
Улуттук банк мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды конструктивдүү талкуулоого дайым даяр экенин эске салган.