Түркияда бычакталган кыргызстандык кыз. ТИМ анын абалын айтты

Кыз алгачкы медициналык жардамды алган соң ооруканага жатып дарылануудан баш тартарын кат жүзүндө жазып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Турмушка чыгуудан баш тарткандыгы үчүн Түркияда бычакталган кыргызстандык кыз Стамбулдагы батиринде медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, дарыланып жатат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Стамбул шаарында мойну жана бети кескиленген 28 жаштагы мекендеш ооруканага жаткырылганы кабарланган. Окуя 17-январда Умрание районундагы мейманканалардын биринде болгон. Кыздын жанындагы Кадир аттуу 40 жаштагы эркек ал өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын айткан. Бирок жабыркаган мекендеш бул көрсөтмөсүн төгүндөп, ага турмушка чыгуудан баш тарткандыгы үчүн бычактаганын билдирген.
ТИМ анын окуядан кийин алгачкы медициналык жардамды алып, бирок ооруканага жатып дарылануудан баш тартканын кат түрүндө билдирген. Учурда өзүнүн батиринде дарыгерлердин көзөмөлүндө экени маалымдалды.
"Түркия жаранына карата иликтөө иштери жүрүп жатат. Ага өлкөдөн чыгууга убактылуу тыюу салынган", — деп айтылат билдирүүдө.
Башкы консулдук жабыркаган кыргызстандыкты коргоо үчүн бардык чаралар көрүлөрүн айткан. Учурда Стамбулдун сот жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.
Түркия: кыргызстандык келинди кайнатасы эмнеге өлтүргөнүн айтып берди