Стипендиясы бар. Латвиянын ЖОЖдорунда окуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Өтүнмөлөр 2022-жылдын 1-февралынан 1-апрелине чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Латвиянын жогорку окуу жайларында 2022-2023-окуу жылына бакалавриат, магистратура жана докторантурада окуп, стипендияга ээ болуу боюнча өтүнмөлөр кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

"Стипендияга өтүнмөлөрдү кайсы жогорку окуу жайда болбосун кеминде бир окуу жылын ийгиликтүү аяктаган, бакалавриатта окуган студенттер, ошондой эле магистратурада жана докторантурада окугандар тапшыра алат", — деп жазылган маалыматта.

Стипендиянын өлчөмү:
Айына 500 евро — бакалавриат жана магистратуранын студенттери үчүн;
Айына 700 евро – аспиранттар үчүн.
Өтүнмөлөр 2022-жылдын 1-февралынан 1-апрелине чейин кабыл алынат.
Толук маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.
Кыргызстанда чет элдик студенттердин коопсуздугун коргоо күчөтүлөт