Кыргызстанда алынган насыянын көлөмү канчага көбөйдү. Сандар

Кредиттердин арбынын жергиликтүү банктар улуттук валюта менен беришет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда алынган насыялардын көлөмү 19,2 миллиард сомго көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банк чыгарган маалыматтардан көрүүгө болот.
Кредиттер туурасында төмөнкү сандар айтып турат:
2020-жылдын декабрь айынын соңуна карата — 162 миллиард 550,2 миллион сом;
2021-жылдын декабрь айынын соңуна карата —181 миллиард 783,3 миллион сом.
Былтыркы жылдагы көлөмдөн 131 миллиарды сом менен берилген кредиттерге, ал эми калганы чет элдик валютага туура келет.
2021-жылы насыялардын көлөмү ай сайын өсүп, рекордду жаңылап турган.
Бир жылда банктарда депозиттердин көлөмү 62 миллион сомго өстү