Кыргызстандагы СOVID: үч киши каза болуп, 162 адамдан оору чыкты

Оорудан каза болгондордун экөө Бишкектен, бирөө Ысык-Көлдөн катталды. Алардын коронавируска каршы вакцина алган эместиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 5-февралга карата СOVID-19 инфекциясы 162 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Илдетти жуктургандар:
Бишкек — 92;
Ош шаары — 2;
Чүй — 42;
Талас — 1;
Нарын — 5;
Ысык-Көл — 9;
Жалал-Абад — 7;
Баткен — 4.
Пандемиядан бери 199 326 кишиден вирус тастыкталды.
Тилекке каршы, коронавирус үч адамдын өмүрүн алды. Алардын экөө Бишкектен, бирөө Ысык-Көлдөн катталды. Үчөө тең коронавируска каршы вакцина албаганы айтылды. Жугуштуу оору ушуну менен 2 899 адамдын өмүрүн алды.
Акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясын 385 адам жеңип, үйүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны 190 368 бейтапты түздү.
Учурда республикадагы ооруканаларда 913 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 507си (55,5 пайызы) орто, 342и (37,4 пайызы) оор жана 62си (6,7 пайызы) өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 3 609 бейтап бар.
Бишкекте бүгүндөн тарта 4 мектеп, үч бала бакча карантинге жабылды