Коронавируска тапшырган тест 78 жолу таза эмес деп чыккан. Түркиядагы окуя

Лейкемия менен жабыркаган Музаффер Каясан 2020-жылы коронавирус жуктуруп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Стамбул шаарынын тургуну Музаффер Каясандын коронавируска тапшырган ПЦР-тесттеринин баары оң болуп чыккандыктан, бир жылдан бери карантинде. Бул тууралуу A Haber телеканалына таянып РИА Новости жазды.
"Лейкемия менен жабыркаган Музаффер Каясан 2020-жылы коронавирус жуктуруп алган. Ал ооруканадан дарыланып чыккан соң коронавируска тапшырган тести таза деп чыккан эмес. 56 жаштагы киши 14 айда 78 жолу тест тапшырып, баарында тең тест оору, COVID-19 бар деп туруп алган. Карантинден чыга албай, неберелерин көрө албай, жалгыз жашоого мажбур болгон адам бийликтен жардам сурап кайрылган", — деп айтылат маалыматта.
Ал киши үч жыл мурда сөөк чучугуна (костный мозг) операция жасатканын, анысы ийгиликтүү болгонун белгилеген.
"Биздин илимпоз, дарыгерлерден сурасак менин иммундук системам алсыз экенин айтышууда. Анткени менде лейкемия бар. 14 айдан бери алар ден соолугумду дары-дармектин жардамы менен кармап келе жатышат", — деген Каясан.
Бейтап ооруканада жаткандар жана алардын үй-бүлөсү үчүн дагы мындай кырдаал оңой эмес экенин кошумчалаган.
"Омикрон" менен ооруп айыккандардын каны коюуланып кетиши мүмкүн