УКМК: Караколдо эки милиционер пара алып жаткан жеринен кармалды. Сүрөт

Кызматкерлер сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн акча талап кылышканы, учурда тергөө абагына киргизилгендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
1 / 2

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды.

2 / 2

УКМК тараткан маалыматта Каракол шаардык ИИБдин тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Т.Б.Т. жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны А.К.Т. сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн акча талап кылышканы айтылган.

Тартип сакчыларына карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча иш козголгон. Алар Жети-Өгүз районуна караштуу Түп ИИБдин тергөө камак жайына киргизилген.
Ведомстводон учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Сузакта жөлөк пулдун кагаздарын бүтүрүү үчүн пара алган кызматкер кармалды. Сүрөт