БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кара-Суу районунда баасы жарым миллионго бааланган зер буюмдарды жана акча уурдаган деген шек менен эки улан кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Алар 16-январга караган түнү турак үйлөрдүн биринен 350 миң сом, 1000 доллар жана алтын буюмдарды уурдоого, ошондой эле 30-январда башка бир үйдөн 90 миң сомго жакын акчаны алып кетти деп шектелип жатат.
Кылмышка шектүүлөр 19 жаштагы Б.А. жана 17 жаштагы Ж. у. Ж. тергөө кызматына өткөрүп берилген. Биринчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилсе, экинчиси жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Аталган факты Кара-Суу РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") боюнча иш козголгон. Милициядан учурда тергөө уланып жатканын айтышты.