Жекшембиге карата аба ырайы

6-февралга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Ысык-Көлдөн башка облустарда жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3...+8, Таласта +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көлдө 0...+5, Нарын аймагында -1...-6 градус болот.
Бишкек менен Ошто күндүз жамгыр, кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +6... +8 жана Ошто +5...+7 градус болору айтылды.
Февралда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин маалыматы