БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавирус менен ооруп калды. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
Түркия башчысынын айтымында, ал жана жубайы Эмине Эрдоган экөө тең оорунун белгисин сезгенден кийин ПЦР-тест тапшырган. Жыйынтыгы экөө тең COVID-19га чалдыкканын көрсөткөн. "Биз мунун "омикрон" экенин билдик. Бактыга жараша, жеңил өтүп жатат. Үйдөн иштеп жатабыз, Бизге дуба кылышыңарды күтөбүз", — деп жазган Түркия лидери.
Эрдоган 3-февралда Украинада болуп, анда аталган мамлекеттин башчысы Владимир Зеленский менен жолуккан. Андан сырткары, эми мамлекеттин ортосундагы жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйыны да өткөн.