Бишкекте кызды койдуруп алып качып кеткен 19 жаштагы улан кармалды

Жабыркаган кыз ооруканага жаткырылган. Милиция ишти тергөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкекте жөө жүргүнчүнү автоунаа менен сүзүп, андан соң изин жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 1-февраль күнү саат 17:30 чамасында Фучик көчөсүндө болгон. Белгисиз автокөлүктүн айдоочусу 28 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген.
Милиция Toyota Camry унаасын айдаган 19 жаштагы Т. у. Д. аттуу баланы кармаган. Аталган факты Бишкек милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө жүрүүдө.
"Дордой" жакта фура сүзгөн келин көз жумду. Качып кетти делген айдоочу кармалды