БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкекте төртүнчү дивизиондун хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 3-8-март күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Эске салсак, былтыр 2022-жылы жазында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөрү айтылган.
Чемпионатка Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран мамлекеттеринин командалары катышат.
2019-жылга чейин Эл аралык хоккей федерациясынын курамында үч гана дивизион болуп, ага кирүү укугу үчүн Кыргызстандын командасы ошол жылы Бириккен Араб Эмирлигинде оюн өткөргөн. Ал эми 2020-жылы Эл аралык хоккей федерациясы төртүнчү дивизионду түзүп, ага Кыргызстан кирген.