БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Психолог Александр Колмановский эки башка жолго түшкөн үй-бүлөдө баланы кандай тарбиялоо керектигин РИА Новости агенттигине айтып берди.
Адистин пикиринде, бала үчүн ата-эненин ынтымакта болгону маанилүү.
"Айрым жубайлар ортодогу сүйүү, сый, жылуулук жок болуп кетсе деле балдар үчүн деп кыйналып жашап жүрө беришет. Мындайда экөөнөн тышкары ошол эле бала азап чегет. Бири-бирин жактырбаган, урушуп-талашкан жашоо баланы чүнчүтөт. Мындай учурда эл көзүнө чогуу жашагандан көрө эки башка, бирок бири-бирине сый мамиледе болгон жакшы", — деди Колмановский.
Мындан тышкары, адис ажырашкан ата-энелер үчүн маанилүү жагдайларды тизмектеп берди:
балага колдон келишинче чындыкты айтуу керек. Ал өзү эле сезимтал, чоңдор жашырып жатам деп ойлогон нерсенин бардыгын билип алат;
жаңы ажырашкан учурда ата-эненин бири экинчисине катуу таарынып, бет карашкысы келбей жатса, экинчиси кырдаалды жымсалдап, биринчиси тууралуу жаман сөз айтуудан алыс болгону туура;
атанын (же эненин) жашоосунда пайда болгон жаңы түгөй баланын апасы тууралуу жаман сөз айтпашы керек. Тескерисинче, баланын өмүрүнда өз апасы (же атасы) дайыма биринчи орунда экенин түшүндүрүп, ага жакын болушу керектигин айтып турганы оң. Ошондо гана бала ага ишенип, оңоюраак кабыл алат;
ата-энеси ажырашкан бала сот чечкен эмес, өзү каалаган үйдө (апасынын же атасынын) жашаганы туура;
ата-эне эки башка жолго түшсө дагы баласы үчүн достошууга, тарбияга бирдей салым кошууга үйрөнүп алганы жакшы.