Австралияда заараны жер семирткичке айланткан ажатканалар пайда болот

Австралиянын өкмөтү коомчулуктун көз карашын билүү үчүн азырынча программаны эки шаарда ишке ашырат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Австралияда заараны жер семирткичке айланткан коомдук дааратканалар пайда болот. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

"Адамдын заарасында өсүмдүктүн өсүшү үчүн зарыл болгон негизги элементтер — калий, фосфор жана азот бар. Ошондуктан бул жер семирткич алуунун оңой жолу болуп саналат", — деп айтылган маалыматта.

Австралиядагы дааратканалар заараны чогултуп, чыпкалап, андан соң парктардагы жана аянттардагы өсүмдүктөр үчүн жер семирткич кылып бермекчи. Бийлик бул идеяга коомчулуктун көз карашын билүү үчүн программаны Сидней менен Брисбен шаарларында баштайт. Долбоор боюнча иш аягына толук чыга элек. Мындай ажатканаларды парктарга жайгаштыруу үчүн тиешелүү органдардын макулдугу керек.
Радио
Кадыров: биогумус арыктаган жерди 10-15 жылда калыбына келтирет