Ысык-Көлдө машина көпүрөдөн кулап, бир киши каза болду

Кырсык эмнеден келип чыкканы тууралуу маалымат жок. Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн милицияга өткөрүп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында автоунаа көпүрөдөн түшүп кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу таңкы саат 7:20 чамасында билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар 27 жаштагы эркек кишинин сөөгүн автоунаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
"Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Сүрөт