БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору 2015-жылы эле жоюлган. Ошондон бери Сабыр Жумабеков жок болгон борбордо иштеп жүргөн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып айтты.
"Жети жылдан бери жок жерди борбор деп иштеп жүргөн академик баарына жооп бериши керек. Ал ошол жерде билгенин жасап келген", — деди министр.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, ак халатчандар менен жолугуп сүйлөшкөн. Андан сырткары, министрлик аны өзгөртүү боюнча тиешелүү процедураларды жасап жатканын айткан.
Көп өтпөй аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка пайдасы жок экенин билдирген. Дарыгер "бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет" деген пикирин айткан.