Бишкек: борбордо жашагандар үйлөрүн мыйзамдаштырууну талап кылган видео

Митингге чыккандардын айтымына караганда, бийлик алардын үйлөрү турган аймакты мыйзамдаштырып алганга мүмкүнчүлүк бербей келе жатат. Алар аталган үйлөрдө экинчи, үчүнчү муундар жашап жаткандыгын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Токтогул жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жашагандар жана Төкөлдөш конушунун жашоочулары митингге чыкты.
Чогулгандар жашап жаткан үйлөрү менен жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү, бул аймакта алар экинчи, үчүнчү муун болуп жашап келе жаткандыктарын айтышты. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1999-жылга чейин курулган үйлөр менчиктештирилиши керек эле.
"Менин үй-бүлөм өзүнүн үйүндө 30 жылдан бери жашап келе жатканы менен турак жайыбызды мыйзамдаштырып алууга уруксат берилбей, маселе ушул күнгө чейин созулду. Бардыгы шаардын башкы планынан улам болууда, анда биз турган районго көп кабаттуу үйлөр курулушу керек экен", — деди митингдин катышуучуларынын бири.
Акцияга келгендер ал үйдө жашап турганы менен жарандык укугунан пайдаланып каттоого тура албай, аны башка даректер аркылуу жасап жаткандыгын айтышты. Бул кварталда жогорудагыдай кырдаалга кептелген 250 үй бар экени белгилүү болду.
1 / 3

Бишкек шаарындагы Токтогул жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жашагандар жана Төкөлдөш конушунун жашоочулары митингге чыкты

2 / 3

Чогулгандар жашап жаткан үйлөрү менен жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү, бул аймакта алар экинчи, үчүнчү муун болуп жашап келе жаткандыктарын айтышты

3 / 3

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1999-жылга чейин курулган үйлөр менчиктештирилиши керек эле

Акцияга Төкөлдөш конушунун жашоочулары да кошулган. Алар тургундардын бир катар бөлүгү турак жайларын, жер тилкелерин мурдараак мыйзамдаштырып алгандыгын, калган 150сү мэрия менчик боюнча мамлекеттик актыны берүүдөн баш тарткандыктан муну жасай албай жаткандыктарын айтып беришкен.
Муниципалитет Бишкек шаарынын башкы планы жана Жер кодексине шилтеме берип, аталган документ калаанын борборуна жеке курулуш тургузууга жол бербейт деген түшүндүрмөсүн айткан.
Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочуларына миңдей техпаспорт тапшырылды