Садыр Жапаров Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты. Сүрөт

Олимпиадага Кыргызстандан тоо лыжа боюнча бир спортчу барып, стадиондо өлкө желегин көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Пекин шаарындагы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Пекин шаарындагы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты

2 / 3

Иш-чара "Куш уясы" деп аталган Пекиндин улуттук стадионунда өттү

3 / 3

Белгилей кетсек, өлкө башчы коңшу мамлекетке иш сапары менен кеткен.

Билдирмеге караганда, иш-чара "Куш уясы" деп аталган Пекиндин улуттук стадионунда өттү.
"Аземдин катышуучулары менен меймандарына, анын ичинде чет мамлекеттердин жетекчилерине, чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине заманбап технологиялар колдонулган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Спортчулардын парадына Кыргызстандан лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо өлкө желегин көтөрүп өттү. Аземдин соңунда КЭР төрагасы Си Цзиньпин оюндарды ачык деп жарыялады",— деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкө башчы коңшу мамлекетке иш сапары менен кеткен. Анда Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Эми КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Болгон күчүмдү жумшайм. Гордеевдин Олимпиаданын ачылышындагы видео кайрылуусу