Сокулукта эки жашар бөбөктү кордоду делген киши кармалды. Окуянын чоо-жайы

Алдын ала маалымат боюнча, баланын ата-энеси жергиликтүү тургундун малын карап иштечү. Буга чейин мал караган жубайлар жумуш берген адамга карыз болуп калышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Сокулукта эки жашар бөбөк кордолуп, кылмышка шектелген 35 жаштагы эркек киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 3-февраль күнү саат 21:30дар чамасында аймактык ооруканага денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Кыйноо") боюнча Бирдиктүү реестрге катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция аталган кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 35 жаштагы тургунун кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизгени белгилүү болду.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын ата-энеси жергиликтүү тургундун малын карап иштечү. Буга чейин мал караган жубайлар жумуш берген адамга карыз болуп калышкан. Аялдын көрсөтмөсүнө ылайык, уулун аны менен чогуу жашаган киши сабаган. Бул адам менен акыркы убакта ал чогуу жашай баштаган", — деп айтылат маалыматта.

Соцтармак колдонуучулары жана ЖМК өкүлдөрүнүн айтымында, бөбөктү сабаган киши жубайларга малын каратып, андан сырткары, баланын энеси менен жашап алган. Милиция учурда иликтөө уланып жатканын кошумчалады.
Зээнди кейитет! Атасынын таягынан энесин коргогон баланын видеосу