Бийлик пенсиялык камсыздандыруу тутумун реформалоону көздөөдө

Байсалов акыркы жылдары пенсия тутуму олуттуу кризиске дуушар болушу мүмкүн экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсиялык тутумду реформалоо маселеси боюнча тегерек столго катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Байсалов системаны колдонуучулар үчүн бирдей укук жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында пенсиялык тутумду реформалоо зарылдыгына токтолгон.
"Пенсиялык тутум кыйынчылыктарга дуушар болууда. Иштеп жаткандардын баарынан пенсияга каражат чегериле бербейт. Айрым жарандар айыл чарба, соода тармагында иштеп же эмгек миграциясында жүрүшөт. Жакынкы жылдары пенсия тутуму олуттуу кризиске дуушар болушу мүмкүн. Республиканын жетекчилиги учурда аны чечүү үчүн болгон аракетин жумшап жатат", — деди Байсалов.
Ал пенсиялык төгүмдөрдү негизинен бюджеттик уюмдардын кызматкерлери жана жеке уюмдарда иштегендердин бир бөлүгү жүргүзөрүн белгилеген.
Кыргызстандык мигранттардын пенсиясы ЕАӨБ аркылуу которулмакчы