Ошто тротуарды бөгөп калган самсакана, тосмолор алып салынды. Видео

Ош шаарында тротуарларды бөгөп калган объектилер жана тосмолор алынып жатат. Мэриянын маалымат кызматы жарыялаган видеодон самсакана, имараттын алдындагы тосмолор түрттүрүлүп жатканын көрүүгө болот.
Sputnik
Калаа башчысы Алмаз Мамбетов 31-январь күнү рейд жүргүзүп, бир катар кичи райондорундагы тротуарлардын абалын көргөн.
Кыдырууда мэр тарабынан Бабараимов көчөсүнүн боюна соодагерлер тарабынан коюлган тосмолорду алып, тротуарды ачуу тапшырмасы берилген. Ошондой эле Гапар Айтиев көчөсүндө коомдук транспорттун аялдамага кирүүсүнө зарыл шарттарды түзүү, мыйзамсыз жарнактарды, тосмолорду алуу талабы коюлган. Аны менен катар Заднепровский көчөсүндөгү №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тосмосу жөө жүргөндөргө тоскоолдук жаратып жатканы байкалган.
Мамбетов Бабараимов, Гапар Айтиев, Заднепровский көчөлөрүндөгү тротуарларды талапка ылайыкташтырууну тапшырганы айтылды.
Быйыл жөө жүргүнчүлөргө шарт түзүү Ош шаарынын мэриясынын негизги багыттарынын бири болуп саналары белгиленүүдө.
Тема боюнча:
Бишкек мэриясы БГУ менен Политехтин тосмолорун алып салды
Мэрия Ош шаарын даңазалап, туристтерди чакырган роликтерди жарыялады