НАТОнун жаңы жетекчиси ким болорун ЖМКлар болжолдоп жазып жатышат

Улуу Британиянын экс-премьер-министри Мэйдин талапкерлиги да НАТОнун башкы катчылыгына каралып жаткандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. НАТОнун башкы катчылыгына каралып жаткан талапкерлердин аты-жөнү аталды. Бул туурасында РИА Новости dpa агенттигине шилтеме кылып жазды.
Учурда аталган альянстын башкы катчылык милдети Норвегиянын мурдагы премьери Йенс Столтенбергге жүктөлгөн. Мурдараак Норвегия өкмөтү ал учурдагы ишинен кетери менен борбордук банктын жетекчилигине дайындоо тууралуу чечим кабыл алган.
"Улуу Британиянын экс-премьер-министри Тереза Мэдинй, Нидерланддын өкмөт башчысы Марк Рюттенин, Румыния президенти Клаус Йоханнистин, Эстония премьери Кая Калластын, Европа биримдигинин чет элдик иштер, коопсуздук саясаты боюнча мурдагы жогорку өкүлү Федерика Могерининин ысымы мүмкүн болгон талапкерлердин арасынан аталды", — деди билдирди немец агенттиги.
Йенс Столтенберг бул кызматка 2014-жылы октябрда келген.
Столтенберг: НАТО Украинага аскер киргизбейт