БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Финляндиянын криминалдык полициясы Тышкы иштер министрлиги зыян тарткан ири алдамчылык боюнча ишти жапкандыгын Yle деп аталган маалымат порталы кабарлады.
2018-жылы шылуундар Кыргызстандагы укуктук системаны өнүктүрүүгө багытталган долбоорго бөлүнө турган 400 миң еврону уурдап кетишкен. Аталган өлкөнүн ТИМи (Тышкы иштер министрлиги) БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен каржылоо келишимине кол коюп, акча которгон болчу. Кыргызстанда биргелешип "Кыргызстандын укук коргоосуна жеткиликтүүлүктү кеңейтүү" деп аталган биргелешкен долбоорду ишке ашырышкан.
Тергөөнүн материалдарында хакерлер БУУӨП серверин талкалап кирип, ТИМге аталган эл аралык уюмдун кызматкерлеринин атынан электрондук каттарды жөнөтүп турганы аныкталган. Которулган акча айтылган тарапка жетпей калганда гана шек жаралган. Көп өтпөй банктык эсеп Нидерланддардагы жеке бир адамга таандык экендигин аныкташкан. Полиция алардын изине түшүп 217 миң еврону кайтарып калууга жетишкени менен бирок 180 миң еврону шылуундарга алдырып жиберген.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул эл аралык кылмыштуу хакерлер тобунун колунан келгендигин, аларда жүздөгөн домендик адресаттар бардыгын билдиришкен.
Иш "Алдамчылык" жана "Өзгөчө ири көлөмдөгү акчаны адалдаштыруу" беренелери менен ачылып, иликтенди. Анткен менен кылмышкерлерди табууга мүмкүн болбой, ишти жабууга туура келген. Январь айында прокуратуранын чечими менен иш токтотулду.