Гордеев Олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты. Видео

Гордеев Кыргызстандын атынан барган жалгыз спортчу. Ал 16-февралда таймашка чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Тоо лыжачы Максим Гордеев Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты.
Бүгүн Кытайдын борбор калаасында Олимпиаданын расмий ачылыш аземи өтүп жатат. Гордеев Кыргызстандын атынан барган жалгыз спортчу. Ал 16-февралда таймашка чыгат.
Гордеевден тышкары өлкөнүн спорттук делегациясынын курамына машыктыруучу Игорь Борисов, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева, УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишов кирди.
Белгилей кетсек, салтанаттуу ачылыш аземге президент Садыр Жапаров дагы катышууда. Иш сапарынын алкагында ал Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугат. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Жүрөктү туйлатат: Олимп оюндарынын ар кыл жылдардагы ачылыш аземи видеодо