БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Кыргызстанда калктан ар кандай маалым каттарды талап кылган нормаларды кыскартуу боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүү керектигин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев белгиледи.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Аалиев Infodocs электрондук документ жүргүзүү, e-Kyzmat жана мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системаларын ишке киргизүү маселелерин талкуулаган.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик структураларга Infodocs системасына кошулууга он күндүк мөөнөт берген.
"Бүгүнкү күндө президенттин бардык облустагы өкүлчүлүктөрү, шаар мэриялары, райондук администрациялар, айыл өкмөттөр, шаардык кеңештердин айрым бөлүктөрү бул системага кошулду", — деп айтылат маалыматта.
Аалиев санариптик трансформация маселеси өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турганын айтып, бул иштер маморгандардын иш процесстериндеги бюрократияны жоюуга өбөлгө болорун белгиледи.
Буга чейин Акылбек Жапаров 1-марттан тарта президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтоторун билдирген.