БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 6-7-8-февралда аба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
6-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
7-февралда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
7-февралда күндүз жана 8-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. 8-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
2022-жылдын 7-февралынан 8-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 71-99-чакырымдарында жана Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшөт жана кар күрткүсү пайда болот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чеги сакталышы керек.