Кыргызстандын ашууларында кар көчкү түшөрү күтүлүүдө. Кайсы күндөрү?

Министрлик ашууларда тайгак болгон учурда автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандын айрым унаа жолдорунда аба ырайынан улам 7-8-февраль күндөрү кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан ашууларында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Андан тышкары, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 71-99-чакырымдарында жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар күрткүсү пайда болот.
Министрлик ашууларда тайгак болгон учурда автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертти. Ошондой эле айдоочуларды аба ырайы, жолдун абалы жана кар көчкү боюнча ЖМКлардан маалымат алып турууга чакырды.
Чолпон-Атага калың кар түштү. Сүрөт, видео