Радио

Акматов: зергерлик ишинин 80%ы көмүскө рынок аркылуу жүрөт

Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов Кыргызстанда зергерлик тармактын 80 пайызы көмүскө рынок аркылуу иш алып барарын айтты.
Sputnik
Зергерлердин маданиятын көтөрүп, ак ниет ишкерлик кылуу жолун иштеп чыгуу зарыл. Ишкерлер жеке кызыкчылыктарын ойлоп, салыкты аз төлөө максатында көмүскөдөн чыкпай жатышат. Мындай пикирин Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекет сырьёнун жетишсиздигин чечип берсе, бул тармактын өнүгүшүнө чоң кадам болот.
"Ишкер катары, көз карандысыз серепчи катары зергерликтеги көйгөйлөр боюнча мамлекетке коңгуроо кагып келем. Өлкөдө аталган тармактын 80 пайызы көмүскөдө. Көмүскө рыноктон чыгуу үчүн салыктан бошотуу керек эле. Жаңы кабыл алынган Салык кодексинде зергерлер үчүн жакшы шарттар каралды. Мындан тышкары, сырьёнун жетишпестигин чечүү зарыл. Жергиликтүү ишкерлер көмүскөдөн чыкпаса чет элдик инвесторлорго шарт түзүп, алардын иштөөсүнө бут тоспош керек. Зергерлердин маданиятын көтөрүп, ак ниет ишкерлик кылуу жолун иштеп чыгуу зарыл. Ишкерлер жеке кызыкчылыктарын ойлоп, салыкты аз төлөө максатында көмүскөдөн чыкпай жатышат. Бул боюнча ассоциациялар чогулуш өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет", — деди Акматов.
Ошондой эле адис Кыргызстанда зер буюмдардын көбү импорттолорун кошумчалады.