Акыркы ирет Ким Чен Ындын жубайын 9-сентябрь күнү өлкөнүн негизделишине карата өткөн иш-чарада көрүшкөн.
The Daily Mail агенттигинин жазганына караганда, Ли Соль Чжу жолдошу менен Ай календары боюнча жылдын жаңырышына арналган концертке баш баккан. Аны көргөн эл кол чаап тосуп алган.
Иш-чаранын аягында өлкө лидери менен биринчи айым чыгармачыл топ менен эстеликке сүрөткө түшүп, андан соң кол чабуунун коштоосунда чыгып кетишкен.
Тема боюнча: